Эмгек өргүүсүнө качан чыгуу керек? Адистин пикири

CC0 / Pixabay/ picjumbo_com / Сууга түшүп жаткан кыз. Архив
Сууга түшүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчилик кол алдындагы кызматкерлердин эс алууга чыгуу боюнча тизмесин жыл башында эле бекитет. Ошондуктан ар бир кызматкер эмгек өргүүсүнүн убактысын эртерээк аныктап алышы керек.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жумуш берүүчүгө кызматкерин эмгек өргүүгө январда жана август айында чыгарган пайдалуу. Бул тууралуу РИА Новости Urvista юридикалык компаниясынын башкы директору Алексей Петропольскийдин айтымына таянып кабарлады.

Петропольский белгилегендей, жетекчилик кол алдындагыларынын эс алууга чыгуу боюнча тизмесин жыл башында эле беките алат. Ошондуктан ар бир кызматкер өзүнүн эмгек өргүүсүнүн убактысын эртерээк аныкташы керек.

"Эс алууга чыгуунун эки тарабы бар. Бири — жумуш берүүчү үчүн пайдалуу убакыт, экинчиси — кызматкердин эс алуусуна ыңгайлуу мезгил. Жумуш берүүчүгө кызматкерлерди август айында, иш аз убакта эс алууга чыгаруу пайдалуу. Анткени бул айда көпчүлүк мекемелерде иш аз болот. Мындан улам жетекчилик бул убакта кол алдындагыларын эс алууга жөн эле коё берет", — деди эксперт.

Ысык-Көлдө июлдун этеги менен августта эс алуу канча болот? Баасы жана картасы

Адистин айтымында, бул мезгилде элдин баары эс алып жүргөндүктөн, ыңгайлуу жер табуу кыйынга туруп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0