Башталгыч класстар 1-сентябрда мектепке барабы? Коңшу өлкөлөрдүн планы кандай

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүПоследний звонок в городах России
Последний звонок в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы окуу жылына бир ай бир жума убакыт калды. Мындан улам өзгөчө кенже класстардын ата-энелери тынчы кетип жатат.

Өткөн аптада Билим берүү жана илим министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын айтты. Бирок тыкыр көзөмөлдү талап кылган башталгыч класстын балдарын жана мектеп деген эмне экенин түшүнө элек 1-класстарды кантип окутабыз деп айрым жарандар тынчсызданганын социалдык тармактар аркылуу билдире баштады.

Ушул сыяктуу посттордун алдына жазылган комментарийлерде үйдө окутууда бала тажап кетерин жана онлайн-сабактардын эффективдүүлүгү аз экенин айткандар көп. Бирок эпидемиологиялык абалды эске алуу керектигин, ден соолук биринчи орунда турарын эскерткендер дагы жок эмес.

Бул маселе министрликтин көңүл чордонунда экенин ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Башталгыч класстар кандай тартипте окуй турганы жакынкы күндөрү чечилет. Ал үчүн министрликте тажрыйбалуу адистерден турган консультативдик кеңеш түзүлгөн, алардын чечимин күтүп жатабыз. Ата-энелерден 1-4-класстын балдарын мектепте окутуу боюнча сунуштар көп түшүп жатат. Ошондой эле 11-класстарды кандай таптипте окутабыз деген маселе турат", — дешти маалымат кызматтан.

Ал эми Sputnik Кыргызстан башка мамлекеттерде бул маселе кандай чечилип жатканына баам салып көрдү.

Россия өкмөтү балдарды мектепте окутууну көздөйт

1-сентябрдан тарта балдар кандай форматта окуй турганы Россияда 20-августта чечилет. Ага чейин өкмөт эпидемиологиялык кырдаалды байкап турмай болду. Кандай болгон күндө дагы Россия толугу менен аралыктан окубай турганын премьер-министр Михаил Мишустин айтты.

"Ар бир аймак боюнча өзүнчө чечим чыгат. Албетте, биз болушунча көп кишини салтка айланган форматта окутууга аракет кылып жатабыз. Анткени компьютер эч качан мугалим менен окуучунун бетме-бет пикир алышуусунун ордун баса албайт", — деди өкмөт башчы.

Баса, кошумчалай кетсек, Россия ушул тапта аралыктан иштөө боюнча мыйзамды кабыл алганы жатат. Долбоор Мамлекеттик Думада биринчи окуудан өттү. Анда аралыкта иштөө боюнча жумушчу жана жумуш берүүчүнүн милдеттери, иштөө тартиби, убактысы жана эмгекти баалоо эрежелери каралган.

Мажбурлайм дей көрбөңүз. Дистанттык окуу учурунда ата-энеге 5 кеңеш

Казакстанда атайын класстар ачылат

Казакстанда жаңы окуу жылынын биринчи чейреги боюнча бардык маселе чечилди. Киши көп жашаган аймактарда жана шаарларда мектеп окуучулары үйдөн билим алат. Ал эми чакан кыштактарда окуу кадимкидей, мектептерде улана бермекчи.

Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетовдун айтымында, көпчүлүк мектептерде башталгыч класстар үчүн дежур класстар ачылат.

"Ата-энелерде баланы үйдө окутуу мүмкүнчүлүгү жок болуп калганда өз мектебиндеги дежур класска алып барса болот. Анда күн сайын бир класста окуучунун саны 10-15тен ашпашы керек. Бардык санитардык нормалар сакталып, ар бир класс эс алууга башка-башка убакта чыгышат", — деди министр.

Ошондой эле Аймагамбетов абал жакшырган күндө дагы мектептер алгач аралаш режимде иштеп, өлкө толугу менен мектепке барууга акырындык менен өтө турганын кошумчалады.

Министрлик: адистер аралыктан окутуунун 5 багытын иштеп чыгууда

Өзбекстандык окуучулар 1-сентябрда мектепке барат

Коңшу өлкөнүн элдик билим берүү министри Шерзод Шерматовдун жергиликтүү ЖМКларга билдиргенине караганда, кенже класстарды аралыктан окутуу боюнча сөз болгон жок. 

"1-сентябрдан тарта балдар мектепте кадимкидей билим ала баштайт деп пландап жатабыз. Негизи кенже класстарды үйдө окутуу практикасынан күмөнүм бар. Эгер бул система өзүн жакшы жагынан көрсөтө алса, эбак эле бардык мамлекеттер аны колдонмок да", — деди министр.

Бирок Өзбекстанда балдар мектепке барып жатканына карабай, теле аркылуу ойнайн сабактар көрсөтүлө бермекчи. Өлкө бийлиги бул нерсе алыскы аймактардагы мугалимдерге жана окуучуларга чоң пайдасын тийгизип, программадан артта калбоого жардам берет деп эсептейт.

Тажикстандагы абал

Тажикстанда абал бир аз башкача. Тагыраагы, өлкөдө интернеттин ылдамдыгы начарыраак жана эл арасында дүйнөлүк желеге кошулгандардын саны ачык булактардагы маалыматтарга караганда 33 пайызды гана түзөт. Андыктан онлайн-сабактарды бир гана теле аркылуу жүргүзүүгө туура келет.

Ал эми жаңы окуу жылы боюнча өлкөнүн билим берүү жана илим министри Латофат Назири кырдаал начарлап кетип, өзгөчө абал режими жарыяланбаса, окуучулар кадимкидей мектепке барарын айтат.

"Бизде өзгөчө кырдаал жарыяланбайт деп үмүт кылуудабыз. Бирок баарына даяр бололу деп телесабактарды тартып жатабыз", — деди Назири.

Министрлик жаңы окуу жылында мектептер кандай иштей турганын айтты

Белгилей кетсек, дүйнөнүн бир катар, анын ичинде жогоруда биз сөз кылган өлкөлөрдө мектептер коронавирус пандемиясына байланыштуу апрель, май айларында аралыктан окуу формасына өткөн.

Буга себеп болгон коронавирус пандемиясы боюнча Кыргызстанда абал дагы деле курч бойдон калууда. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 31 247ге жетти (пнавмонияны кошкондо). Алардын ичинен 18 038 бейтап сакайып, 1 211 жаран көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0