Камбоджа, Иордания, Мальдив... Бишкекке 142 кыргызстандык кайтты

© Фото / пресс-служба МИД КРВывозной рейс авиакомпании "Fly Dubai" по маршруту "Дубай – Бишкек"
Вывозной рейс авиакомпании Fly Dubai по маршруту Дубай – Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөр аба майдандагы каттоого чейин коронавирустук инфекцияга экспресс-тест тапшырып, баары  таза чыкканы айтылат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн, 24-июлда, Fly Dubai компаниясынын Дубай — Бишкек каттамы менен 142 кыргызстандык ар кайсы өлкөдөн кайтып келгенин ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бириккен Араб Эмирлигиндеги мекендештерден сырткары АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Корея, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн, Мальдивдеги жарандар кайтып келген. Алар Дубайга чейин Emirates airlines компаниясынын каттамы менен келип, кайрадан Fly Dubai компаниясынын рейсине түшүшкөн.

Жүргүнчүлөр аба майдандагы каттоого чейин коронавирустук инфекцияга карата экспресс-тест тапшырып, баары таза чыкканы айтылат.

ТИМ: чет өлкөдөгү дипломаттар учурда дары, реанимобиль алуу жолун издеп жатат

Белгилей кетсек, Дубай — Бишкек каттамы боюнча кийинки рейстер 31-июлга пландаштырылган. ТИМ мекендештер авиабилеттерди сатып алуудан мурда Дубайга транзиттик каттамды жүргүзгөн авиакомпания менен байланышып, учарга чукул көйгөй жаратчу маселелерди тактап алуусун суранды. Маселен, аталган шаардын аэропортунда транзиттик жүрүү Бишкек шаарына учканга чейин 24 сааттан ашпашы керек.

Чет мамлекеттерде жүргөндөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0