Президенттин аманаты. Нарындык дарыгерлерге жардам жиберилди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бүгүн Нарын облусундагы дарыгерлерге колдоо катары президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коргонуучу кийимдер, каражаттар жана дары-дармектер берилди
Бүгүн Нарын облусундагы дарыгерлерге колдоо катары президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коргонуучу кийимдер, каражаттар жана дары-дармектер берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт тарабынан Нарын облусуна бир тез жардам автоунаасы, 50 кычкылтек концентратору жана 80 даана өпкөнүн сатурациясын өлчөй турган пульсоксиметр аппараттары берилген.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бүгүн Нарын облусундагы дарыгерлерге колдоо катары президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коргонуучу кийимдер, каражаттар жана дары-дармектер берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Андагы 1 400 даана коргонуучу кийим, көз айнектер, ошондой эле гепарин препараттары комиссия тарабынан райондорго бөлүштүрүлүп берилмекчи.

Бул каражаттарды өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов тапшырып, дары-дармектер бейтаптарга шыпаасын берип тезирээк сакайып кетүүсүн тилек кылды.

Исмаилова: Россиядан бүгүн келген медиктер аймактарга жөнөтүлүшү мүмкүн

Маалыматка караганда, буга чейин өкмөт тарабынан Нарын облусуна бир тез жардам автоунаасы, 50 кычкылтек концентратору жана 80 даана өпкөнүн сатурациясын өлчөй турган пульсоксиметр аппараттары берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0