Кечээтен бери COVID-19дун кесепетинен 46 адам ажал тапты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 1 166га жетти.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде Кыргызстанда коронавирустан 46 бейтап каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Маркумдар төмөнкү аймактардагы ооруканаларда дарыланып жаткан:

  • Бишкек шаары – 13;
  • Чүй облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Ош облусу – 5;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ош шаары – 3;
  • Талас облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 1 166га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0