"Аварийка" кайсы учурларда колдонулат? Айдоочу биле жүрчү эрежелер

CC0 / Pixabay / Igor SchubinСоблюдение правил ПДД на дороге
Соблюдение правил ПДД на дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежеси тууралуу рубриканын алкагында "аварийка", башкача айтканда, авариялык абал жөнүндө белгини колдонуу эрежелери тууралуу кеп кылабыз.

Адатта айдоочулар авариялык абал жөнүндө белгини эскертүү же ыраазычылык билдирүү максатында колдонушат. Бирок аны туура эмес учурда колдонгон айдоочулар да жок эмес. Маселен, айрымдары жеке жумушун бүтүрүш үчүн автоунаасын башкаларга тоскоолдук жараткан жерге токтотуп туруп, авариялык абал жөнүндө белгини күйгүзүп коюшат.

Бул үчүн айып пул каралганбы? Дегеле "аварийканы" туура эмес колдонгон айдоочуларды кандай көйгөйлөр күтүп турат? Суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алууга аракет кылды.

Эреже боюнча авариялык абал жөнүндө белги кайсы учурда күйүп турушу керек?

  • Жол кырсыгы катталганда;
  • Тыюу салынган жерде аргасыздан токтогон учурда;
  • Фаралардын жарыгынан айдоочунун көзү уялганда;
  • Сүйрөтүү учурунда (сүйрөтүлүп келе жаткан транспортто).

Балдарды ташууда, аларды автоунаага салып же андан түшүрүп жатканда.

Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже

Адистер авариялык абал тууралуу белги коопсуздукту камсыз кылуу максатында колдонула турганын белгилешти. Башкача айтканда, аны айдоочулар сөзсүз эрежеде жазылгандай аткарышы керек.

Белгилей кетсек, жол эрежесин бузган айдоочу "аварийкасын" күйгүзсө да жоопкерчиликтен качып кутула албайт. Эскертүүчү белгилерди колдонуу боюнча эрежени аткарбагандар 3 000 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылат.

Авариялык абал жөнүндө белги иштебеген учурда эмне кылуу керек?

Сиз жол кырсыгына кабылып же тыюу салынган жерге токтоп калдыңыз, бирок авариялык абал жөнүндө белгини иштетейин десеңиз ал иштебейт. Эрежеге ылайык, бул учурда "авариялык токтоп калуу" белгисин сөзсүз коюш керек. Мындай белгини айдоочу автотетиктерди саткан дүкөн же базарлардан сатып алып, автоунаасына салып койгону дурус.

Жол кесилиштеринен өтө албай кыйналып калбаңыз! Айдоочуга кеңештер

Ал белги башка айдоочуларга коркунуч тууралуу убагында эскерте тургандай аралыкка коюлушу шарт. Башкача айтканда, белги калк жашаган конуштарда автоунаадан 15 метр, ал эми калктуу конуштардан тышкары жерде 30 метр аралыкка коюлушу зарыл.

Айдоочу биле жүрчү этикет

Эгер сиздин автоунааны башка айдоочу убагында өткөрүп же жол бошотуп берсе, ага ыраазычылык иретинде авариялык абал тууралуу белгини үч жолу күйгүзүп-өчүрүп коюу керек. Эгер бирөөнүн жолунан кесип өтсөңүз же туура эмес маневр жасап алсаңыз "аварийка" күйгүзүп кечирим сурасаңыз болот.

Мындан сырткары, авариялык абал жөнүндө белгини жолдо алдыда бараткандар, артта келе жаткан автоунааны токтотуу үчүн да колдонот. Мисалы, өтмөктөн жөө адамдар өтүп баратса алдыдагы автоунаа артта келе жатканды ылдамдыгын азайтып, токтотуш үчүн "аварийкасын" жандырып коюшу шарт.

Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер

Айрым учурда автоунаанын авариялык абал тууралуу белгисин жандырып алып жүрүп баратканын көрүүгө болот. Муну менен айдоочу башкалардан аралыкты сактоону суранып жатат. Шаарда мындай белги жол тайгак учурда, автоунаа бузулган кезде жана автоунааны сүйрөтүп баратканда колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0