ИИМ: ыктыярчы кыз сактай албай калдык деп ыйлаган киши өлгөн эмес. Видео

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкерлери. Архив
Медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өздөрү алып келген бейтап өлүп калганын уккан ыктыярчы кыздын ыйлап жаткан учурунун видеосу тараган соң, милиция окуяны иликтөөгө алган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өткөн аптада ыктыярчы кыз оорулууну сактап калууга жети мүнөт жетпей калганын айтып ыйлап жаткан видео тараган. Бүгүн Ички иштер министрлиги окуянын жоо-жайын текшерген соң, өлдү делген адам тирүү жана дени сак экенин билдирди.

Ошондой эле министрлик жаран анын өмүрүн сактап калууга жан үрөгөн кызга жолугуп, ыраазычылык билдирип жаткан видеону жарыялады.

ИИМдин маалыматына караганда, ыктыярчы Айдана Мурзаева иштеп жаткан "Жаштардын демилге борборуна" 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс учун жоготуп жатат деген маалымат түшкөн.

Жерине барган ыктыярчылар эсин жоготуп койгон адамды түнкү стационарга алып барышкан. Дарыгерлер бош орун жок экендигин айтып, бирок башка ооруканага жаткырганга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургула деген өтүнүчтү кабыл алып, жаранды ооруканага алып кирип кетишкен.

"Арадан он мүнөт өткөндөн кийин дарыгерлердин бири силер алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болду деп айткан. Ал адам кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Кабарды уккан ыктыярчы ыйлап жаткан учурдун видеосу тараган соң, милиция окуяны иликтөөгө алган.

Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты

Кийин ал киши Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоламан Карымшаков экени жана ал каза болбой эле ооруканадан чыгып кеткени аныкталган.

"Өзүнүн айтымында, ал мас болуп калып, кан басымы көтөрүлүп жолдо жатып калган. Ыктыярчылар алып бара жаткан маалда бир нече ирет эсине келип, Мурзаева аркылуу өз кызына керез айтууга жетишкен. Бирок эсине келгенде тамчылатма укол алып жатканын көрүп, бүткөн соң медиктердин уруксаты менен үйүнө кеткен", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Кийин ал өзүн сактап калган кызга жолугуп, ыраазычылыгын билдирди. Ал эми милиция окуяны тергөө үчүн ачкан сотко чейинки өндүрүш иши, тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0