Бүгүн Кыргызстанда 1 108 адам коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / Manuel ClaureСитуация в Боливии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Боливии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жумада Бишкек менен Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананын курулушу башталат. Мындан тышкары, бир нече өлкөдөн дары-дармек келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 1 108 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек - 234;
  • Ош – 112;
  • Чүй облусу – 176;
  • Ош облусу - 110;
  • Талас облусу - 61;
  • Нарын облусу – 35;
  • Ысык-Көл облусу – 229;
  • Жалал-Абад облусу – 93;
  • Баткен облусу - 58.

Кыргызстанда дагы 984 бейтап коронавирусту жеңди

Ушуну менен вирус илештирип алгандардын жалпы саны 29 359 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0