Жайкысын эт кошулган жарым фабрикаттарды кантип тандоо керек. Кеңеш

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүКолбасное производство в Тамбовской области
Колбасное производство в Тамбовской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер ууланып же ден соолугуңузга залака тийгизип алгыңыз келбесе, кандайдыр бир күмөн санаткан азыктарды албай эле койгон туура экенин эскертет.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Эт күн ысыкта бат бузулуп кеткендиктен, жайкысын бул азык кошулган жарым фабрикаттарды сатып алууда бир нече эрежелерди кармануу керек. Алар тууралуу Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) маалымат берди

“Эт кошулган жарым фабрикаттар дүкөндө сөзсүз муздаткычта сакталышы керек. Ошондой эле ал аба кирбеген таңгакта болгону жакшы. Товардын сырткы көрүнүшүнө дагы көңүл буруңуз. Бир жери кыйшайып же формасын жоготуп койгон болсо, ал эрип кайра тоңдурулган болушу мүмкүн. Мындай учурда азык сапатын жоготот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Дагы бир маанилүү учур — товарга эч качан дүкөн өзү жарактуу мөөнөтү боюнча жаза албайт (эгер дүкөн өндүрүүчү болбосо — ред.). Ошол себептен таңгактагы өндүрүүчү өзү койгон даталарды караңыз.

Жарым фабрикат, тез татымдан баш тарткан киши тамакты аз жеп баштайт. Себеби

Баса, сиз сатып алып жаткан товардын сапаттуу экенин таңгактагы маалыматтардан билсе болот. Тагыраагы, өз аброюн жана кардардын ишенимин баалаган өндүрүүчү товардын сыртына анын курамы, салмагы, качан жасалганы жана кайсы күнгө чейин жарактуу экени, сактоо эрежелери жана ишкананын дарегин толук жазат.

Адистер ууланып же ден соолугуңузга залака тийгизип алгыңыз келбесе, кандайдыр бир күмөн санаткан азыктарды албай эле койгон туура экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0