Министрлик жаңы окуу жылы боюнча ата-энелерден сунуш, пикир күтөт

© Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСабак окуп жаткан окуучу. Архив
Сабак окуп жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде окуучулар аралыктан билим алмай болушту. Ал үчүн видеосабактар тартыла баштаганы айтылды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жаңы окуу жылы боюнча учурда эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Эгер бул жаатта кандайдыр бир сунуш, пикир болсо, министрликке кайрылууга болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Эске салсак, быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде окуучулар аралыктан билим алмай болушту.

"2020-2021- окуу жылында мугалим, окуучу, ата-энелерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн учурда министрликте практик-педагог, эксперт, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган консультативдик кеңеш иштеп жатат. Алар чет мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап, анализ жүргүзүүдө. Эгерде элде, ата-энелерде бул жаатта кандайдыр бир сунуш, пикирлер болсо аларды угуп, кызматташууга даярбыз. Сабактар үзгүлтүккө учурабай, балдар терең билим алып, ошол эле учурда алардын ден соолугуна зыян келтирип албаш үчүн азыр биз бири-бирибиздин пикирибизди угуп, биргелешип иштешибиз керек", — деди Жусупбекова.

Көлдөгү лицейдин окуучулары Менделеев олимпиадасынан күмүш, коло медаль алышты

Ал балдарды онлайн окутуу үчүн азыркы учурда видеосабактар тартылып баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0