Кыргызстанга Россиянын бир нече шаарынан 188 адам кайтып келди

© Фото / пресс-служба МИД КРБишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди
Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Ошондой эле мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 188 кыргызстандык "Авиатраффик" компаниясынын чартердик каттамы менен кайтып келген. Арасында жаш балдар бар.

"Бул рейс менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермдеги жарандар келди. Арасында оорулулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балалуу энелер, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгондор бар", — деп айтылат маалыматта.

Түркиядагы мекендештер 20 миң долларга дары-дармек жөнөттү

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Мындан тышкары, мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иши улантылып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0