Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 1 667 киши айыкты

© REUTERS / WANA NEWS AGENCYОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы күндүзгү стационарлардан айыгып чыккандардын саны да өсө баштаганын айтса, министрлик каза болгондордун саны күндөн-күнгө азая баштаганын билдирген.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 667 бейтап айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, сакайып чыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунан.

  • Бишкек — 654;
  • Чүй облусу — 376;
  • Ош облусу — 181;
  • Талас облусу — 66;
  • Нарын облусу — 76;
  • Ысык-Көл облусу — 138;
  • Жалал-Абад облусу — 100;
  • Баткен облусу — 50;
  • Ош шаары — 26.

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жалпы 14 776 адам жеңип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0