Ырчы Малик Аликеевге жасалган эки операция тең ийгиликтүү аяктады

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРКыргызстандык ырчы Малик Аликеев. Архив
Кыргызстандык ырчы Малик Аликеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын бириккен жерине (эки жагына тең) операция жасалган. Бирок кийин кайра кокустатып алганы айтылган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ооруканада жаткан ырчы Малик Аликеевдин абалынан кабар алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Малик Аликеев Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген. Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын бириккен жерине (эки жагына тең) операция жасалган. Бирок кийин кайра кокустатып алган. Ага операцияны дарыгер, профессор Сабырбек Жумабеков жасамак.

"Учурда ырчынын жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакында ырчы ооруканадан чыгып, чыгармачылыгы менен алектенет", — деп айтылат билдирмеде.

Белгилей кетсек, ырчы Малик Аликеев эл оозуна "Мөлмөлүм" аттуу ыры менен алынган.

Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык

Жаңылыктар түрмөгү
0