Сентябрда мектептер иштей баштайт деген маалымат тарады. Министрлик эмне дейт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСабактагы окуучулар. Архив
Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер өткөн окуу жылын дистанттык түрдө аяктады.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта мектепке кадимкидей бара баштай турганын сурап редакцияга кайрылган окурмандар болууда.

"Билим берүү тармагында эмгектенген таанышымдын айтканына караганда, Билим берүү жана илим министрлиги балдар 1-сентябрдан баштап мектепке барып окуй турганы тууралуу буйрук чыгарыптыр", — деп жазды колдонуучулардын бири.

Өлкөдө окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Артыкчылыктары

Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясы министрликтин маалымат кызматына кайрылды. Ал жактан айтылып жаткан сөздөр чындыкка туура келбесин, жаңы окуу жылы боюнча жакынкы сааттарда так маалымат берилерин билдиришти.

Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан. Окуу жылы ошентип дистанттык түрдө аяктаган болчу.

Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу

Жаңылыктар түрмөгү
0