Министрлик: Кыргызстанда COVID жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны азаюуда

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Заместитель министра здравоохранения Мадамин Каратаев
Заместитель министра здравоохранения Мадамин Каратаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мадамин Каратаев Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы ачык-айкын жүргүзүп жаткандыгын жана эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны азаюуда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада каза болгон 34 кишинин ичинен экөөндө коронавирус лаборатория аркылуу тастыкталды. Ал эми калган 32 адамда вирустун клиникалык-эпидемиологиялык белгилери болгон.

Коронавирусту өткөн суткада 781 адам жеңди

"Биз өлүмдүн саны өсүп кеткендиги тууралуу айтып жатканда анын бардыгы түздөн-түз COVID менен байланыштуу эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Көптөгөн башка себептери, бейтаптын негизги өнөкөт оорулары дагы бар. Жалпысынан ала турган болсок, ооба, өлгөндөрдөн саны көбөйдү", — деди ал.

Ошол эле учурда Каратаев лабораториялык жактан тастыкталган COVID вирусунан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстанды башка өлкөлөр менен салыштыра кетти. Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр Литвада — 4,2 пайызга, Арменияда — 1,8 пайызга, Латвияда — 2,6 пайызга жетти. Ал эми Кыргызстанда — 1,4 пайыз.

"Эгер Кыргызстандагы бардык өлгөндөрдүн санын ала турган болсок, көрсөткүч 0,69 пайыз болот", — деди Каратаев.

COVID-19дан акыркы суткада 34 бейтап көз жумду

Ал Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы ачык-айкын жүргүзүп жаткандыгын жана эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

Эске салсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 27 143 адам коронавирус жуктурду (ооруканадан тышкаркы пневмонияны кошкондо). 13 109 адам сакайып, 1037 бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0