Өлкөдө окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Артыкчылыктары

© AFP / ALAIN JOCARDСитуация во Франции по случаю коронавируса
Ситуация во Франции по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Университеттерге кабыл алуу бүгүн башталып, августтун баш жагында аяктайт. Ал үч тур менен өтүп, ортолорунда тыным болот.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүндөн тарта жогорку окуу жайларга онлайн түрүндө кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Абитуриенттер министрлик тарабынан иштелип чыккан системасына катталып, каалаган окуу жайга тапшыра алат.

Маалыматка ылайык, абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

Мындан сырткары:

  • абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат;
  • бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат;
  • кабыл алуунун ачык-айкындуулугун, тазалыгын, тактыгын камсыз кылат жана сапатын жогорулатат;
  • ЖРТ сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүүнү толугу менен автоматташтыруу;
  • окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат;
  • адам факторун жоюу аркылуу кабыл алуунун объективдүүлүгү камсыз кылынат.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:

  • 1-тур — 20-22-июль, саат 14:00гө чейин сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 2-тур — 27-29-июль, саат 14:00гө чейин сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур — 3-5-август, саат 14:00гө чейин сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыкташы зарыл.

Жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллы белгиленди

Белгилей кетсек, кесиптик окуу жайларга да кабыл алуу онлайн түрүндө башталды. Бул үчүн "Кыргызстандын колледждерине онлайн кабыл алуу системасы http://www.spuz.edu.gov.kg/ иштелип чыккан.

Окуу жайга тапшырууда көйгөйлөр жаралса төмөнкү номерлерге чалып тактоого болот:

  • 1919;
  • 996 772 608 004;
  • 996 772 667 104;
  • 996 704 925 131;
  • 996 709 652 418.
Жаңылыктар түрмөгү
0