Муфтий ыктыярчы-медик Адинайдын ата-энесинен кабар алып, куран окуду

© Фото / пресс-служба ДУМКМуфтий Максатбек ажы Токтомушев навестил семью волонтера Адинай Мырзабековой
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев  навестил семью волонтера Адинай Мырзабековой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий маркум Адинай Мырзабекованын атына багыштап куран окуп, жакын санаалаштары менен биргеликте анын ата-энесине акчалай жардам көрсөттү.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев каза болгон ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алып, куран окуду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ДУМК Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев каза болгон ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алды
 Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев каза болгон ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев каза болгон ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алды
© Фото / пресс-служба ДУМКИса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде коронавируска кабылгандарга ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, 13-июлда каза болгон.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде коронавируска кабылгандарга ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, 13-июлда каза болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде коронавируска кабылгандарга ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, 13-июлда каза болгон.
© Фото / пресс-служба ДУМКМуфтий маркум Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгиледи. Анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.
Муфтий маркум Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгиледи. Анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Муфтий маркум Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгиледи. Анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.
1/3
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев каза болгон ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнөн кабар алды
2/3
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде коронавируска кабылгандарга ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, 13-июлда каза болгон.
3/3
Муфтий маркум Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгиледи. Анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Бишкек шаарындагы стационарлардын биринде коронавируска кабылгандарга ыктыярчы-медик кызматын аркалап жүрүп, 13-июлда каза болгон.

Апамды эстедим... Жээнбеков каза болгон Адинай Мырзабекованын үйүнө барды. Сүрөт

Муфтий маркум Мырзабекованын ата-энесине, туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, Адинай өзүнүн эли, жери жана мекени үчүн ак кызматын кылгандыгын баса белгиледи. Анын үй-бүлөсүн сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом акчалай жардам көрсөткөн.

"Алла Тааладан жакшы тилек, жакшы үмүт кылыңыздар. Ыйык Куранда "Сабырдуу болгула. Чындыгында Алла сабырдуулар менен бирге" деп айтылат. Ыймандуулардын бардыгы бейиште жолугат. Алла Таала берип дагы, алып дагы сынайт. Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы — бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлерибиз, ыктыярчыларыбыз адам өмүрү менен күрөшүп, өзүнүн ден соолугуна карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык", — деди Токтомушев.

Каза болгон ыктыярчы Адинай Мурзабекова Эрдик медалы менен сыйланды

Муну менен катар муфтий мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин саламаттыгы, ооруп жаткандардын тез арада айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0