Адис коронавирустун мээге тийгизген таасирин айтып берди

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМедициналык борбордо компьютердик томография бөлмөсү. Архив
Медициналык борбордо компьютердик томография бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер коронавируска окшогон кызылча, кызамык деген вирустук ооруларды да эстеген. Бул илдеттерди таптакыр башка вирустар чакырганы менен алар да кан тамырларды жабырката турганын кошумчалаган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, дарыгер-кардиолог Симон Мацкеплишвили "Комсомольская правда" басылмасына маек берип жатып коронавирустун мээге тийгизген таасири тууралуу түшүндүрдү.

Анын айтымында, азыр коронавируска кабылган айрым бейтаптар мээсин томографияга тарттырып жатат.

"Айрым адистер коронавирус мээни жабыркатууга жөндөмдүү экенин айтышууда. Менин оюмча андай эмес. Көп учурда кан тамырлар жапа чегет", — деди дарыгер.

Күздөгү сасык тумоо коронавирус менен күрөшүүнү оорлотот. Эмне кылуу керек?

Дарыгер коронавируска окшогон кызылча, кызамык деген вирустук ооруларды да эстеген. Бул илдеттерди таптакыр башка вирустар чакырганы менен кызылча, кызамык дагы кан тамырларды жабырката турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0