Селдин кесепетинен Нарын — Өрүк-Там жолу жабылып калды

Жазылуу
Кокту-колоттордон келген сел суулары жолдун беш чакырымга чукул аралыгын кум-шагылга толтуруп салган. Тактоо иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Нарын районунда сел жүрүп, анын кесепетинен Нарын — Өрүк-Там жолу жабылып калганын ӨКМ билдирди.

Алдын ала алынган маалымат боюнча бүгүн, 19-июль күнү, саат 11:00дөр чамасында катуу жаан жааган. Анын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары унаа жолдун 50-55 чакырым аралыктарын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылып калган.

Коктулардан түшкөн сел оргуштап Арсланбап айылын каптады. Видео

Учурда жеринде тактоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызгидромет 18-19-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу боюнча шашылыш билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0