Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткендеги көчөдөгү Эркиндик монументинин көрүнүшү. Архив
Баткендеги көчөдөгү Эркиндик монументинин көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-июлда түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан жаабайт.

БИШКЕК, 19-июль. — Sputnik. 20-июль күнү республиканын кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас жергесинде +29...+34, Ысык-Көл аймагында +23...+28 жана Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0