Финпол: клексан дарысын соодалаган алып сатар кармалды. Сүрөт

© AP Photo / Moises CastilloЗадержание подозреваемого
Задержание подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жасалма жол менен дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасын жогорулатып сатууну алдын алуу иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) 50 куту клексан препаратын сатууга аракет жасаган адамды кармаган. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГСБЭПФинансы полициясы 50 куту Клексан препаратын сатууга аракет жасаган адамды кармады
Финпол: клексан дарысын соодалаган алып сатар кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Финансы полициясы 50 куту Клексан препаратын сатууга аракет жасаган адамды кармады

Учурда өлкөдө жасалма жол менен дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасын жогорулатып сатууну алдын алуу иштери жүрүүдө.

"Финансы полициясына арыз түшкөн. Анда Бишкектин соода борборлорунун биринин жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайында клексан препаратын жогорулатылган баада сатууну каалаган адам кармалган. Шектүүнүн автоунаасын тинткен учурда 50 куту дары табылган", —  деп айтылат маалыматта.

Мекемеден кармалган жаранга карата иликтөө иштери жүрүп, аталган дарыны кайдан алгандыгы такталып жатканын айтышты. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө укуктук баа берилмекчи.

Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт

Финансы полициясы адам өмүрүнө маанилүү болуп турган дары-дармектерди атайын жогорулатылган баада саткан алып сатарларга оор кырдаалдан пайдаланып элге кыянатчылык жасабоону эскертет.

Мындай фактылар катуу жазаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0