13 тез жардам автоунаасы кымбат сатып алынганбы? Министрликтин түшүндүрмөсү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттык сактоо министрлиги сатып алынган Тез жардам кызматынын автоунаасы
Саламаттык сактоо министрлиги сатып алынган Тез жардам кызматынын автоунаасы  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаалар тендер аркылуу алынып, эксперттик топ жана тендердин комиссиясы тиешелүү бүтүм чыгарып берген.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги сатып алынган Тез жардам кызматынын 13 автоунаасы эмне себептен кымбат баага келгендигин түшүндүрүп берди.

Буга чейин министрлик медициналык тез жардам автоунаалар жалпы 764 миң 900 долларга сатып алынгандыгын кабарлаган. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары ал автомашиналар эки эсе арзан экендигин жазып чыгышкан.

Интернетке Тез жардамдын сынган автоунаасынын видеосу чыкты. Министрликтин жообу

Саламаттык сактоо министрлигинин Программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов ар бир автоунаа канчага алынгандыгын түшүндүрдү.

ГАЗ "Соболь" маркасындагы сегиз автоунаанын төрт дөңгөлөгү тең иштейт, ал бардык керектүү жабдуулары менен алынды. Анын кычкылтек баллону дагы бар. Болжол менен ар бир автомашина 49 миң доллардан айланган.

Андан сырткары, кымбат баалуу жабдуу, жасалма дем алдыруучу аппараты менен Ford үлгүсүндөгү үч реанимобиль да келген. Алардын ар биринин баасы болжолдуу 90 миң долларга чукулдаган.

Кыргызстан 13 тез жардам автоунаасын сатып алды, үчөөнүн ИВЛ аппараты бар. Сүрөт

Исмаиловдун маалыматына ылайык, тендерге төрт компания катышып, алардын ичинен эң арзан бааны сунуштаган тарап жеңүүчү аталган. Адистер жөнөкөй автоунааларга караганда ал атайын ылайыкташкан автомашиналар бир кыйла жакшы болоруна ишендирген. Жыйынтыгында эксперттик топ жана тендердик комиссия бүтүм чыгарып берген.

"Биз техниканы текшергенбиз, сапаты баасына жооп берет", — деди Исмаилов.

Каражат Дүйнөлүк банктын "Кыргызстандагы кырсыктардын коркунучтарына туруштук берүүнү жогорулатуу" долбоорунун алкагында алынган (ERIK). Тез жардам автоунаалары өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0