Пандемияга байланыштуу Ошто бир эле инспектор иштеп жатабы? ЖКККББнын жообу

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРПатрулдук милиция кызматкери. Архив
Патрулдук милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Ош шаарында 27 кызматкер иштеп жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ошто пандемияга байланыштуу жол кыймылы коопсуздугун камсыздап бир эле кызматкер иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда "Токоев Аскар акыркы баатыр" деген жазуу менен сүрөттөр тараган. Анда командиринин алдында турган бир инспекторду көрүүгө болот.

Бишкекте айдоочу милиция кызматкерин сүзүп кетти

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда Ош шаарында 27 кызматкер иштеп жатканын кабарлап, жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0