Көлдүн башкы инфекционисти аман-эсен, иштеп жатат. Оорукана билдирүү таратты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүCOVID-19 инфекциясы менен ооругандар үчүн ооруканадагы дарыгери. Архив
COVID-19 инфекциясы менен ооругандар үчүн  ооруканадагы дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармак, мессенджерлерде Ысык-Көл облусунун башкы инфекционисти кайтыш болгондугу жөнүндө туура эмес маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн башкы инфекционистинин көзү тирүү жана учурда иштеп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Токтобай Маанаев билдирди.

Буга чейин социалдык тармак, мессенджерлерде маалыматтар тараган. Анын автору жардам сурап кайрылып, облус боюнча компьютердик томография жок экенин, дарыгерлер ооруп жатканын жана аймактын башкы инфекционисти каза болуп калганын жазган.

Көз жумган ыктыярчы Адинайдын жакындарына 1 млн сом төлөнөбү? Комиссиянын жообу

Маанаевдин айтымында, мындай фейк маалыматтар медицина кызматкерлерине зыян келтирүүдө.

"Облустук оорукананын башкы инфекционисти каза болуп, компьютердик томография иштебей жатат деп социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтар биздин ишти үзгүлтүккө учуратып жатат. Ак халатчандар адам өмүрүн сактап, болгон күчүн жумшап иштеп жатат. Бирок тирүү жүргөн эле адамды өлдү деп маалымат таратуу бизге катуу тиет. Кудай дарыгер-инфекционистибизге өмүр берсин, анын аты-жөнү Айман Курманова", — деди ал.

Түркияда жашаган 18 кыргызстандык медик жардамга келмей болду

Маанаев ошондой эле компьютердик томография мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн негизинде штаттык режимде иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Жалгыз аппарат жарандарга 3000 сомго кызмат көрсөтүүдө. Андан сырткары, эки рентген-аппарат ооруканада жана төрөт үйүндө иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0