Эми пневмонияга чалдыккандар да коронавируска кабылгандардай бекер дарыланат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканада жатка аял. Архив
Ооруканада жатка аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны менен катар эле пневмонияны дарылап күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге дагы кошумча маяна төлөнөт.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Пневмонияга чалдыккандарды дагы COVID-19 менен ооруган бейтаптар сыяктуу бекер дарылоо чечими кабыл алынды. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков брифингде билдирди.

Анын айтымында, мындан ары пневмонияны дарылап күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге дагы кошумча маяна төлөнөт.

"Жыл башынан бери республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине компенсациялык төлөмдөргө кошумча 233,7 миллион сом бөлүнгөн. Бул кошумча акыларды 20 933 медицина кызматкери алды. Анын ичинде 5 308 дарыгерлер, 9 556 орто медперсонал, 3 398 кенже персонал, 2671 башка кызматкерлер бар", — деди Калыков.

Өкмөт: пневмония болгондор эми COVID-19га чалдыккан деп эсептелет

Ошондой эле ал кээ бир ооруканаларда иштегендер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан компенсация алганын белгиледи. Жалпы жонунан инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге 503,6 миллион сом кошумча маяна төлөнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0