ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

© Фото / Сагынбек кызы СезимПолучившая высший балл по ОРТ в 2020 году Акмарал Нурбек кызы
Получившая высший балл по ОРТ в 2020 году Акмарал Нурбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды шаардагы гимназия же лицейдин эмес, алыскы тоолуу райондогу орто мектептин окуучусу алды. Акмарал Нурбек кызы 229 упай топтоп, "Алтын сертификат" алган 53 бүтүрүүчүнүн сап башына чыкты.

Ал Оштун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев орто мектебинин окуучусу. Акмарал "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына эки балл жетпей калып катуу намыстанганын айтат. Мунун да жүйөлүү себеби бар.

Акмарал Нурбек кызы учурда ата-энесине жардам берип жайлоодо экен. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков аны менен баарлашып, тестке кантип даярданганы жана алдыдагы пландары тууралуу сурады.

— Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан 43 245 бүтүрүүчүнүн ичинен сиз эң көп упай алдыңыз. Алгач куттуктап кетейин. Мындай кубанычтуу кабарды кимден уктуңуз?

— Мен жайлоодо болчумун. Кечээ түштөн кийин апама мектептин директору чалып сүйүнчүлөдү. Кубанганымдан аябай ыйладым, толкунданып, түнү менен уктай албадым. Үй-бүлөбүз менен сүйүнүп отурабыз, кошуналарыбыз да келип куттуктап жатышат. Маалымат бат эле тараптыр, айыл эле эмес Алай району сыймыктанып, социалдык тармактарга куттуктап жазганын көрдүм. Азыр деле телефонум тынчый элек. 

© Фото / Сагынбек кызы Сезим Акмарал эң жогорку балл алганда кубанганынан ыйлап, толкунданып, түнү менен уктай албаганын айтат
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: Алтын тамгага жетпей калып катуу намыстангам - Sputnik Кыргызстан
Акмарал эң жогорку балл алганда кубанганынан ыйлап, толкунданып, түнү менен уктай албаганын айтат

— Тесттен эң жогорку балл алуу ар кимдин колунан келе бербейт, буга кантип даярдандыңыз?

— Мен 10-классты бүткөндөн кийин даярдыкты баштагам. Ар кандай тесттерди иштеп, китептерди окудум. Быйыл январда Ош шаарындагы "Рекорд" аналитикалык билим берүү уюмунда эки ай даярдандым. Кийин карантин убагында эки жума онлайн курстан өттүм. Мындан сырткары, ЖРТ боюнча бир нече китептерди сатып алгам. Тестте кайсы темалар болорун билип, ошону көбүрөөк түшүнгөнгө аракет кылдым.

Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп

— Кошумча кайсы сабактардан тест тапшырдыңыз?

— Кошумча тандаган математикадан 120, химиядан 76, англис тилинен 61 балл алдым. Бир гана биологиядан 57 упай болуп, 60тан ашпай калды. Бирок мен ага капа деле болбойм. Мурда медицина тармагына тапшырайын деп жүргөм, азыр ал оюмдан кайттым.

— Буга тесттин жыйынтыгы себеп болдубу?

— Жок, тестке чейин эле ойлонуп жүргөм. Себеби бул кесип өзүмдүн каалоом эмес, ата-энем жана жакындарым сунуштаганынан кызыкканга аракет кылып көрдүм. Бирок көзүм жеткен жок, кызыкпагандан кийин тапшырбай эле коюуну чечтим. 

© Фото / Сагынбек кызы СезимАкмарал Нурбек кызы азырынча тапшыра турган окуу жайын тандай элек, бирок Бишкекке келип IT тармагында билим алуу ниети бар
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: Алтын тамгага жетпей калып катуу намыстангам - Sputnik Кыргызстан
Акмарал Нурбек кызы азырынча тапшыра турган окуу жайын тандай элек, бирок Бишкекке келип IT тармагында билим алуу ниети бар

— Өзүңүз кайсы кесипке кызыгасыз, тапшыра турган окуу жайды тандадыңызбы?

— Экономика тармагына кызыгып жүргөм. Көптөгөн ага-эжелеримен, тааныштарымдан кеңеш сурасам IT жаатын сунушташууда. Негизи кичинекейимден эле так илимдеринен жакшы окуп келгем. Учурда бир чечимге келе элекмин. Буюрса, Бишкектеги окуу жайларга тапшырам. Ошол үчүн да "Алтын сертификат" алганга аракет кылдым. Англис тилин жакшы өздөштүрө элекмин, анын үстүнө азыркыдай кырдаалда чет өлкөгө чыгуу кооптуу. Ошондуктан бакалавриатты Бишкектен бүтүп, магистратураны Америкадан окууну кыялданам.

Жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллы белгиленди

— Ушунча даярдык менен тест тапшырууга киргенде кандай суроолор туш келди, кыйналган жоксузбу?

— Мен билбей калган бир дагы суроо болгон жок. Эч бир кыйналган жокмун, ишенимдүү эле тапшырып чыккам. Кээ бир логикалык суроолордон гана шек санап калгам.

© Фото / Сагынбек кызы СезимАкмарал Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинде окуган
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: Алтын тамгага жетпей калып катуу намыстангам - Sputnik Кыргызстан
Акмарал Кабылан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы орто мектебинде окуган

— Кийинки жылы ЖРТга катыша турган окуучуларга кандай кеңеш бересиз?

— Аз калганда эле даярданбай, окуу учурунда сабактарга көңүл буруш керек. Ар дайым изденип жүрсө жакшы. Мисалы, мен бир түшүнүксүз сөз уксам жазып алып анын маанисин интернеттен карайм. 10-классты бүткөндөр азыр каникул учурунда интернеттен тест жөнүндө маалымат чогултуп, кандай темада суроолор болорун карап эрежелери менен таанышып алганы оң. Китепти көбүрөөк окушсун. Ошондо адамдын логикалык ой-жүгүртүүсү жогорулайт. Мен күнүнө 40-50 беттен китеп окуп жаттым.

Мындан сырткары, бир максатка жетиш үчүн аракет жана ишеним болушу керек. Анан жакшы ниет кылып, улуулардын батасын алуу да жардам берет деп ойлойм. Мен аракет менен кошо дубаны дагы унуткан жокмун. Бир жыл бою "Алтын сертификат" алууну Кудайдан сурап жаткам. Ата-энем дагы тилек кылчу. Тест тапшырган күнү атайын барып чоң атамдын батасын алып кеткем. 

"Алтын тамга" аттестатын кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү көп алды? Рейтинг

— Мектепти кандай баа менен аяктадыңыз? Ага улай эле буга чейинки ийгиликтериңиз менен да бөлүшө кетсеңиз.

— 6-классымда математика боюнча олимпиададан республикага чейин барып 12-орунду алгам. Ошол мен үчүн чоң жетишкендик болгон. 10-классымда химия сабагынан республикалык олимпиадага катышкам. Быйыл дагы катышып райондон 1-орунду алып, облуска чейин бардым.

Бүтүрүү аттестатымды жалаң беш деген баа менен алдым. Ал эми "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тест тапшырганда кыргыз тили жана адабияттан төрт болуп эки балл жетпей калды. Бул предметтерден жакшы эле окучумун. Мунун себебин өзүмдүн ниетимден болду окшойт деп ойлойм, "Алтын тамганы" кереги жок нерсе катары кабылдап койгом. Бирок өтпөй калганымды укканда аябай капа болдум. 

© Фото / Сагынбек кызы СезимАкмарал Нурбек кызы: бүтүрүү аттестатымды жалаң беш деген баа менен алдым. Ал эми "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тест тапшырганда кыргыз тили жана адабияттан төрт болуп эки балл жетпей калды
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: Алтын тамгага жетпей калып катуу намыстангам - Sputnik Кыргызстан
Акмарал Нурбек кызы: бүтүрүү аттестатымды жалаң беш деген баа менен алдым. Ал эми "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына тест тапшырганда кыргыз тили жана адабияттан төрт болуп эки балл жетпей калды

— Жаштар көп убактысын социалдык тармактарга коротоору маалым. Сиз бул жактарда отурасызбы?

— Instagram, Facebook тармагында баракчаларым бар, бирок өтө активдүү колдонуучулардан эмесмин. Январда тестке даярданып баштаганда экөөнү тең өчүрүп, алты ай кирген жокмун. Тест тапшырып бүткөндөн кийин кайра жандырдым.

— Айыл жеринде "уй саа, суу ташы" деген сыяктуу жумуштар көп. Ата-энесине жардам берген балдар окуусунан алагды болот эмеспи...

— Менин ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан түшүнүп, шарт түзүп беришти. Буга чейин деле мен олимпиадага даярданып жатканда такыр үй иштерин кылдырышчу эмес. Мында деле ошондой болду. Март айында катуу даярданып баштаганымда өз эркиме коюшту. 

© Фото / Сагынбек кызы СезимЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчүнүн ата-энеси экөө тең мугалим болуп иштейт
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: Алтын тамгага жетпей калып катуу намыстангам - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчүнүн ата-энеси экөө тең мугалим болуп иштейт

— Окурмандарга дагы Акмарал кандай үй-бүлөдө чоңойгону кызык болуп жатса керек. Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

— Атам Нурбек Бекмуратов айылыбыздын комузчусу. Райондук балдар музыкалык искусство мектебинин Кабылан-Көл айылындагы филиалында иштейт. Мектепте музыка сабагынан берет. Мен дагы окуудан сырткары ошол музыкалык мектепте беш жыл окуп комуз үйрөндүм. Апам Динара Алтымышева кыргыз тили жана адабият мугалими. Ал мага 7-класстан баштап сабак берген, класс жетекчим дагы болду. Төрт бир тууганбыз, эжем ОшМУда чет тилдер жана маданият факультетине тапшырган. Инилерим мектеп окуучулары. Алар да жалаң беш деген баага окушат.

Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги

— Ушул жерден бир суроо жаралды. Апаңыз филолог экен, сиз "Алтын тамгага" тест тапшырганда кыргыз тили жана адабияттан төрт алып калсаңыз эмне деди?

— Буга өзүм да таң калдым. Апам "мен сени окутпай коюптурмун да" деп эле тамашалап койду. Башка эч нерсе айткан жок. Бирок директорубуз, мугалимдер күлүп калышкан. Башында аябай башкача болуп, көп ойлонуп жүрдүм. Бир чети намыстанып, буга жетпесем дагы "Алтын сертификатты" сөзсүз алам деп катуу аракет кылдым. 

© Фото / Сагынбек кызы СезимАкмарал Жалпы республикалык тестирлөөгө алты ай катуу даярданганын айтат
ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: Алтын тамгага жетпей калып катуу намыстангам - Sputnik Кыргызстан
Акмарал Жалпы республикалык тестирлөөгө алты ай катуу даярданганын айтат

— Учурда жайлоодо экениңизди айттыңыз. Акмарал жакшы окуганды эле эмес, уй, бээ сааганды дагы билет деп айтсам жаңылбаймынбы?

— Албетте, уйду да, бээни да сааганды билем. ЖРТ бүткөндөн кийин келип апама жардам берип жүрөм. Айылдын чет жакасында "Така" деген жайлоого чыкканбыз. Жылкы, уй, кой кармайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0