Бүгүн дагы 521 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду

© Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүВ России завершился первый этап испытания вакцины против COVID-19
В России завершился первый этап испытания вакцины против COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ президент өлкөнүн алдыңкы медиктери менен жолугуп, кийинки кадамдарды талкуулады. Адистер оорунун экинчи толкунуна даярдык көрүүнү сунушташкан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 521 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

  • Бишкек шаары – 273;
  • Чүй облусу - 74;
  • Ош шаары - 38;
  • Ош облусу - 16;
  • Жалал-Абад облусу - 43;
  • Баткен облусу - 39;
  • Ысык-Көл облусу - 30;
  • Талас облусу - 8.

Коронавирустан бир күндө 75 адам сакайып чыкты

Ушуну менен республика боюнча илдет илештирип алгандардын саны 12 498ге жетти. Стационарда 682 киши дарыланууда, 16 бейтаптын реанимацияда экени айтылды. Үй карантининде дарыланган 6 017 адамдын 1 897си айыгып чыкты. Ал эми ооруканадан 3 735 киши айыгып чыкса, 167 адам каза болуп калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0