ЕЭК Кыргызстандын өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин карап чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономический форум "Евразийская экономическая перспектива" в Бишкеке
Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн өткөн алгачкы жыйында катышуучулар жаңы институттун иштеп жаткан структуралардын жалпы системасындагы ролун талкуулашты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдей деңгээлде өнүгүүсү үчүн өнүктүрүү институтун түзүү демилгеси Кыргызстанга таандык. ЕЭК кеңеши карап чыгып, Коллегияга Биримдикке мүчө мамлекеттердин бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырган.

Жумушчу топтун башчысы, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев ЕАЭБ алкагында буга чейин да өнүктүрүү институттары иштеп келгенин белгилеп, жаңы уюмдун ордун тактоо керектигин белгилеген.

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

"Биримдиктин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу үчүн учурдагы механизмдерди жана экономикаларды өнүктүрүүнү колдоо ресурстарын колдонуу керек, балким, жаңы ыкмаларды ойлоп табуу зарыл болор", — деди Глазьев.

Кыргыз тараптын айтымында, жаңы институттун максаты — ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларын жакындатып, өнүгүүдөгү диспропорцияны кыскартуу. Мында аталган институт өнүгүүнүн максаттуу программаларын ишке ашыруу менен алек болору каралган. Бул кадам ЕАЭБ мамлекеттеринин биримдигин күчөтүп, интеграцияны тереңдетет.

Жыйында Евразия өнүктүрүү банкы менен Евразиялык туруктуулук жана өнүктүрүү фондунун алкагында мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүн теңдештирүүгө багытталган долбоорлор жана программаларды каржылоонун механизмдерин жана инструменттерин кеңейтүү каралды. Буга "Российская венчурная компания" акционердик коому, "Астана" эл аралык финансы борбору, "Интеграция" клубу жана Суверендүү өнүктүрүү боюнча эл аралык агенттиктин мүмкүнчүлүктөрү менен инфраструктурасы да пайдаланылмакчы.

ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Жолугушуунун натыйжасында өнүктүрүү институтунун концепциясын түзүп, ошондой эле Евразиялык туруктуулук жана өнүктүрүү фондунун мандатын кеңейтүү маселесин карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Талкууга бийлик органдарынын өкүлдөрү, ЕЭК министрлери Олег Панкратов менен Тимур Жаксылыков, ошондой эле чакырылган эксперттер катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0