Маммүлк ижарачыларды карантин убагындагы төлөмдөрдөн бошотот

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИжара. Архив
Ижара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ижарадан бошотуу жеңилдиги карантинге жабылган мезгилдерге гана жарактуу. Анткен менен бийлик дагы кошумча жеңилдик карап жатат.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өкмөт карантин убагындагы жабылган объектилердин ижарачыларын мамлекеттик мүлк төлөмдөрүнөн бошотот. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Жылдызбек Исакулов брифингде билдирди.

"Кайсы гана мамлекеттик мүлктүн ижарачысы болбосун мүлк ээси менен биргеликте акт түзүп, аны биздин фондго бере алат. Бул боюнча министрлер кабинетине көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө", — деди Исакулов.

Жетекчинин айтымында, ижарадан бошотуу жеңилдиги карантинге жабылган мезгилдерге гана жарактуу. Андан соң жумушун мурдагы нукка түшүрүп алуусу үчүн ижарачыларга бийлик тарабынан дагы бир ай убакыт берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0