Түркияда иштеген кыргызстандык 14 ыктыярчы медик келди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДезинфекция роддома в Санкт-Петербурге
Дезинфекция роддома в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Түркиянын медициналык окуу жайларында ординатурадан өтүп, мамлекеттик клиникаларында иштеген адистер.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бүгүн Түркиядагы мекендештер жана Түркия өкмөтүнүн гуманитардык жардамы келген учак менен кыргызстандык 14 ыктыярчы медик да келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Алар Түркиянын медициналык окуу жайларында ординатурадан өтүп, мамлекеттик клиникаларында иштеген адистер.

Кыргызстандын элчилиги Түркиянын тийиштүү мекемеси менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кыргызстандык адистердин мекенине жиберилишине макулдук берилген.

COVID-19: Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам келди

Түркия бийлиги буга чейин пандемияга байланыштуу дары-дармектердин жана медицина кызматкерлеринин чет өлкөгө чыгарылуусуна расмий тыюу салган.

"Келген медиктерди тобу менен республиканын бир ооруканасына бөлүү пландалып жатат. Ал жерде нөөмөт менен иштешип, берилген участокко жоопкерчиликтүү болушат", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин жол акысын жана мекенде жүргөн убактагы чыгымын кыргызстандык ишкерлер өз мойнуна алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0