74 эмес! Министрлик пневмониядан каза болгондордун санын тактады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн айтылган статистикага соңку үч айдын ичинде Ысык-Көл облусунда каза тапкан 17 киши дагы кошулуп калган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги пневмониядан каза болгондордун санын тактады. Ага ылайык, бир күндө 74 эмес, 57 адам көз жумган.

Бүгүн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова өткөн сутканын ичинде өлкөдө 74 адам пневмония оорусунан кайтыш болгонун айткан

Министрлик бул статистикага соңку үч айдын ичинде Ысык-Көл облусунда каза тапкан 17 киши дагы кошулуп айтылганын билдирди. Натыйжада өпкөнү сезгенткен оору кечээтен бери 57 адамдын өмүрүн алганы такталды.

Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 493 адам айыкты

Март айынан бери өлкөдө пневмониядан 571 бейтаптын көз жумганы маалым болду. Ал эми мындан сакайгандардын саны 3 415ке жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0