COVID: каза болгон медик Ноокатта башкы дарыгер, эпидемиолог болгон

© Sputnik / Алексей СухоруковМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемиолог үстүбүздөгү жылдын 1-майында Ноокаттагы кырдаалды турукташтыруу үчүн башкы дарыгер болуп дайындалган.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кечээ коронавирустун кесепетинен каза болгон медик Ноокат райондук Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Айчүрөк Келдибекова болгон. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, дарыгер бул кызматка үстүбүздөгү жылдын 1-майында Ноокаттагы кырдаалды турукташтыруу үчүн дайындалган.

"Айчүрөк Каримбековна өмүрүн медицинага арнаган, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча тажрыйбалуу эпидемиолог, сүйүктүү эне болгон. Ал элдин кызматында болуп Ноокат районундагы эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышы үчүн иштеп жаткан. Тилекке каршы, 55 жашында кайтыш болуп калды. Терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деди Акматова.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 1 980 медицина кызматкерине COVID-19 жуккан. Алардын ичинен 576 медик айыгып стационарлардан чыкты.

Өз мезгилинин баатыры. Президент көз жумган студент кыздын бүлөсүнө көңүл айтты

Ал эми коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 977ге жетти. Анын ичинен 5 314 адам ооруну жеңе алды, тилекке каршы, 160 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0