Кыргызстанда COVID жуктурган медиктердин саны 1 980ге жетти

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүОоруканад дарыгер. Архив
Ооруканад дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада жүздөн ашуун ак халатчан ооруну илештерип алса, болгону алтоо айыгып чыккан. Жалпы статистикада дагы сакайгандар аз.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб кабарлады.

"Бишкекте - 25, Чүй облусунда - 13, Ош шаарында - 19, Ош облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 21 жана Ысык-Көл облусунда 8 медик оору жуктурду", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми бир суткада алты ак халатчан ооруканадан айыгып чыккан.

Коронавирустан бир күндө 11 кыргызстандык кайтыш болду. Бирөө медик

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 980 учур катталды. Алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0