Кечээтен бери коронавирустан 91 адам сакайды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканадагы палатаны тазалап жатат. Архив
Медициналык кызматкер ооруканадагы палатаны тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте түнкү стационарлар да ишке кирип, бейтаптарды кабыл ала баштады. Ал эми күндүзгүсүнө барып дарылангандары четинен айыга баштады.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бүгүн коронавирустан 91 адам сакайып чыкканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында 41, Чүйдө 19, Ош шаарында бешөө, Ош облсунуда алтоо, Жалал-Абадда бешөө, Баткенде бирөө, нарында 11, Ысык-Көлдө эки, Таласта бир киши үйүнө чыгарылды. 

Республика боюнча жалпы 3 660 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.

Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт

Мындан сырткары, үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 228, жалпысынан 1 654 киши айыкты.

Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны 5 314 кишини түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0