Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКызматкерлер таштандыны алып кетип жатышат. Архив
Кызматкерлер таштандыны алып кетип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармак колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштандылар кайда ыргытыларына кызыгышкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационар жана "Семетей" обсервациясынан (мурдагы "Ганси" авиабазасы) чыккан медициналык таштандыны жеке менчик компаниялардын бири чогултуп, ташып кетип жок кылат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштанды кайда ыргытыларына кызыгышкан.

"Мындай иш-чаралар Республикалык штабдын тапшырмасы, Жугуштуу ооруларды алдын алуу департаменти, Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сунушу менен жүргүзүлүп жатат. "Семетей" обсервациясындагы медициналык таштандыларды чогултуу, алып кетүү жана кайра иштетүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ элди такталбаган маалыматты тараптоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0