Окумуштуулар: ачытылган капуста коронавирустун кесепетин жеңилдетет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАчытылган капуста. Архив
Ачытылган капуста. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор белгилегендей, капустанын түрүн колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондор көп катталган эмес.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Франциянын Монполье университетинин окумуштуулары ачытылган капуста, кимчи жана кычкыл сүт азыктары коронавирустан коргоого жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу "Известия" The Sun басылмасына таянып кабарлады.

Илимпоздор белгилегендей, капустанын түрүн колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондор көп катталган эмес. Мисалы, Германия менен Түштүк Кореянын тургундары ачытылган капуста менен кимчини дайыма жешет.

"Бул азыктардын курамында иммунитетти бекемдеген антиоксидант бар. Ал коронавирустун оор түрүнө кабылуу тобокелчилигин да азайтат. Ошондуктан аталган мамлекеттердеги адамдар коронавирус жуктуруп алса дагы андан бат айыгып кетишет. Греция, Болгария, Түркияда дагы коронавирустан көз жумгандар аз. Бул жактын тургундары йогуртка басым жасашат. Аталган кычкыл сүт азыгында да антиоксидант бар. Бирок ачытылган капустага салыштырмалуу аз", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус боюнча өлүм аз катталган мамлекеттерде жашагандар көп учурда ачытылган капуста, йогурт, кефир сыяктуу ферменттелген тамактарды көп ичип, жешери аныкталды.

Окумуштуулар: COVID өпкөдөн башка органдарды да жабыркатат

Буга чейин испаниялык диетолог Алехандро Кановас дем алуу органдарын жана организмди бекемдөө үчүн жумуртка сыяктуу жөнөкөй эле азыктарды колдонуу керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0