Аймактагы ооруканалар миллиондогон сомго тендер жарыялай баштады

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы рентген аппаратурасы. Архив
Ооруканадагы рентген аппаратурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык мекемелер дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарды жана жабдуу алуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталына буюртмаларын чыгарды.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өлкө аймагындагы ооруканалар коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир катар тендер жарыялашты. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Ага ылайык, Ош аймак аралык бириктирилген клиникалык ооруканасы 7 миллион 811 миң 200 сомго эндоскопия жана эндохирургия үчүн аппаратура, тогуз миллионго рентген, үч миллионго операциялык стол алат.

Боронов: Ирандан учак менен дары алып келебиз, бир-эки күндө тартыштык жоюлат

Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борбору 11 миллион 446 миңге дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарга буюртма берүүдө.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору 2 миллион 136 миң 852 сомго коргоо каражаттарын ала турган болсо, Ноокат аймактык ооруканасы 7 миллион 373 миң 537 сомго дары, реактив сатып алуу ниетин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0