06:19 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2075)
82 0 0

Боронов күн сайын медициналык мекемелердин ишинин мониторинги боюнча маалыматты алып турмакчы. Анын жыйынтыгы боюнча, тагыраагы, аталган ооруканада бейтап каза болуп калса, жетекчинин ишине персоналдык баа берилет.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу маселесин Республикалык штабдын кеңешмесинде адистер менен талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Күн сайын жаңы күндүзгү стационарлар ачылууда, медициналык мекемелерде орундардын саны көбөйүп жатат. Мындан тышкары түнкү стационарлар да ишке берилди. Медициналык мекемелерде иштөө үчүн башка өлкөдө иштеген биздин мекендештерибиз - тажрыйбалуу дарыгерлер тартылууда. Бирок дагы эле COVID-19 жана пневмониядан каза болгондор көп болууда. Бул терс динамиканы оңдоо үчүн дагы кандай жардам керек?" — деген Боронов.

ДССУ башчысы: көп өлкө вирус менен күрөшүүдө "туура эмес жолду" тандады

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларына негизги милдет — адамдардын өмүрүн сактап калуу экенин эске салган.

"Биздин негизги максат – дарыгерлерге көмөк сурап кайрылгандардын өмүрүн сактап калуу. Учурда оорусу күчөп кеткендер абдан көп, өзгөчө бул өпкөсү кагынган бейтаптарга тийиштүү. Күнү-түнү оору менен алпурушкан дарыгерлерге оордук келүүдө. Ошондуктан ар бир оорулууга туура көңүл бөлүнүшү үчүн тажрыйбалуу врачтарды медициналык мекемелерге бөлүштүрүү керек. Эгерде бир ооруканада орун жок болсо, оорулууну бош орун болгон жерге багыттоо керек. Түзүлгөн кырдаалда бардык ооруканалардын жана стационарлардын координациясы жана өз ара байланышы абдан маанилүү", — деген премьер-министр.

Чүйдө стационарга оор абалдагылар көп кайрылууда, эми медиктер үймө-үй кыдырат

Боронов күн сайын бардык медициналык мекемелердин ишинин мониторинги боюнча маалыматты алып турарын айтып, жыйынтыгы менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган ар бир жетекчинин ишине персоналдык баа берилет деди.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2075)

Тема боюнча

Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты
Окумуштуулар: COVID өпкөдөн башка органдарды да жабыркатат
Белгилер:
дарыгер, оорукана, адам, жыйын, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ