Өкмөт COVID-19дан жабыркагандарды дарылоону жакшыртуу жолдорун издеп жатат

Жазылуу
Мамбетов учурдагы негизги милдет – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарды сактап калуу экендигин айтты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өкмөттө саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер менен коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо механизмдерин жакшыртуу маселеси боюнча кеңешме болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйынды вице-премьер Аида Исмаилова өткөргөн.

"Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине алардын коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо жөнүндө мурдагы, 8-июндагы буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тапшырмасы берилди. COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн реконвалесценттик плазманы (реконвалесценттик плазма — ооруп айыккан адамдан алынган плазма, башкача айтканда айыккан адамдын каны — ред.) пайдалануу ыкмасын иликтеп, ал боюнча сунуш киргизүү да айтылды", — деп кабарлашты маалымат кызматынан.

Кеңешмеге Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова, аталган ведомствонун экс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева катышкан.

Чүйдө стационарга оор абалдагылар көп кайрылууда, эми медиктер үймө-үй кыдырат

Бримкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө оорулууларды коронавирус инфекциясына чалдыккан жана өпкөсү кагынган деп экиге бөлүп, эки бөлөк протокол менен дарылашууда.

© Фото / пресс-служба КГМААхунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов
Өкмөт COVID-19дан жабыркагандарды дарылоону жакшыртуу жолдорун издеп жатат - Sputnik Кыргызстан
Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов
"Бейтаптардан COVID-19га карата тесттик маалымдамалар талап кылынууда, бирок көпчүлүгү өпкө оорусунан жабыркоодо. Калктын 80 пайызы коронавирустук инфекциядан жеңил өтүүдө, мында дарыгердин кеп-кеңеши, көбүрөөк суюктук ичүү, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо жана дене тапты текшерип туруу талап кылынат. Ошол эле учурда оорулуулардын 20 пайызында оору өтүшүп кетип, өпкөсү сезгенип, дем алуу начарлап, энтигүү пайда болууда. Буга байланыштуу дарыгерлер оорулуунун клиникалык картинасына жараша диагноз коюшу керек, мында бейтапка коронавируска шектелген, оорушу ыктымал жана коронавирус тастыкталган катары диагноз коюлушу ылайык", — деген Бримкулов.

Зурдинованын айтымында, ири стационарларды тандап, аларды коронавирус инфекциясына чалдыккандар үчүн убактылуу дарылоо мекемеси катары түзүп чыгуу зарыл. Мында атайы лабораториялар, рентген-кабинеттер каралып, алар суюк кычкылтек менен жабдылып, кеңири реанимациялык блоктор каралышы керек.

Мэрия: түнкү стационарлар оор абалдагы бейтаптарды кабыл алат

Ал эми Мамбетов учурдагы негизги милдет – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптарды сактап калуу экендигине токтолду.

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭкс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов
Өкмөт COVID-19дан жабыркагандарды дарылоону жакшыртуу жолдорун издеп жатат - Sputnik Кыргызстан
Экс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов
"Вирус спецификалык өзгөчөлүккө ээ болууда, мында жеңил өтүп жаткан оору ыкчам түрдө оор категорияга өтүп кетүүдө. Коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды реабилитациялоо маселесине да жетиштүү көңүл бурулушу кажет. Тез арада клиникалык протоколдорду жаңылоо жагы каралышы керек", — деген Мамбетов.

Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен коронавирустан каза болгондордун статистикасын эки башка берип келет. Март айынан бери коронавирустан 147 адам көз жумса, пневмония 497 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0