Баткенде тамактануучу жайлар жабылып, коомдук транспорт токтойт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТамактануучу жай. Архив
Тамактануучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-карантиндик посттогуларга жеке такси кызматтарын облус аймагынан чыгарбоо тапшырмасы берилгени айтылды. Талапты аткарбаган айдоочулар тийиштүү жазасын алат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткенде 15-июлдан тарта коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүндөн тарта Баткендеги район, шаар аралык коомдук транспорттун каттоосуна да убактылуу тыюу салынды.

Эртеңден тарта Россияга кирүүнүн шарты өзгөрөт

"15-июлдан эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аймактагы ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлар убактылуу жабылат. Ошондой эле аймактар аралык коомдук транспорт да иштебейт", — деп айтылат билдирмеде.

Район, шаар башчыларына карантин киргизүү сунушталган. Ошондой эле санитардык-карантиндик посттогуларга жеке такси кызматтарын облус аймагынан чыгарбоо тапшырмасы берилгени айтылды. Талапты аткарбаган айдоочулар тийиштүү жазасын алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0