Түркияда жашаган 18 кыргызстандык медик жардамга келмей болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАэропорттогу медиктер. Архив
Аэропорттогу медиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын ар кайсы шаарларында иштеп, жашап жаткан кыргызстандык дарыгерлер жардамга келишкен.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Түркияда жашап, иштеп жаткан 18 кыргызстандык медицина адиси эртең Кыргызстанга келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Алар коронавируска каршы күрөшүүдө мамлекетке жардам берүү үчүн чакыртылган. Боронов өкмөт волонтерлук ишке чакыруу боюнча аракеттерди көрүп жатканын, жардамга колун сунган ыктыярчы мекендештер көп экенин белгиледи.

Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

“Буга чейин Россия жана башка чет жактарда жашап, иштеп жүргөн ондогон дарыгер мекендештер жардамга келишкен. Эртең, 15-июлда, Түркиядан медициналык билими бар 18 кыргызстандык жардам көрсөткөнү келет деп күтүп жатабыз”, — деди премьер-министр.

Ал ошондой эле жалпы эл жакшы ниет менен бириксе бүгүнкү апааттан чыгып кетүүгө дагы зор мүмкүнчүлүк болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0