Тышкы иштер министри Айдарбеков коронавирустан айыкканын билдирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСовещание министров иностранных дел ШОС в Бишкеке
Совещание министров иностранных дел ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ башчысы оор кырдаалда командасы мекендештеге жардам берүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын айтып, аларга ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алып, айыгып чыкканын Facebook баракчасы аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, оору менен бир жумадан ашык убакыт күрөшкөн.

"11 күн дене табым көтөрүлүп, шайым ооп жүрдүм. Организм оору менен алышып жатты. Жараткандын колдоосу менен айыгып чыктым. Убакыт жок, жумуш көп. Азап чеккендерди көрүү кыйын... Ынтымак, адамгерчилик жана бири-бирибизге кам көрүү элибиздин күч-кубатын жана улуулугун билдирип турат", — деп жазган Айдарбеков.

Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды

ТИМ башчысы бул оор кырдаалда командасы мекендештерге жардам берүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле берилүү менен эмгектенип жаткан кесиптештерине ыраазычылык билдирген.

Айдарбеков биримдикте ооруну жеңе аларыбызды белгилеп, элге ден соолук, сабырдуулук жана ийгилик каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0