Кыргызстан учурда өпкөнү жасалма дем алдырган 220 аппаратка муктаж

© Sputnik / Кирилл КаллиниковФилатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом
Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада Өзбекстандан келген жасалма дем алдыруучу 100 BiPAP аппараты Бишкектеги ооруканаларга таратылган.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова өлкөнүн медициналык мекемелерине өпкөнү жасалма дем алдыруучу 220 аппарат жетишпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда 572 ИВЛ аппараты иштетилип жатат. Пандемия учурунан бери гуманитардык жардам иретинде өпкөнү жасалма дем алдырган 23 аппарат, беш CPAP аппараттары жана 130 BiPAP аппараты алынды.

Өзбекстан тарабынан берилген 100 BiPAP аппараты №1 жана №6 шаардык клиникалык ооруканасына, Фтизиатрия борборуна, Темир жол ооруканасына, Хирургия борборуна, Республикалык инфекциялык ооруканасына, №2 төрөт үйүнө жана "Гансидеги" ооруканага бөлүнгөн. Учурда резервде дагы сакталып турат.

Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппарат чыгарууга белсенди

Акматова, мындан сырткары, жакында чет өлкөдөн алынган каражаттын эсебинен 63 жасалма дем алдыруучу аппарат сатып алууга тендер өткөрүлгөнүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0