Президент өткөргөн онлайн кеңешмеде Боронов эки көйгөйдү атады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков провел онлайн-совещание с Премьер-министром Кубатбеком Бороновым
Президент Сооронбай Жээнбеков провел онлайн-совещание с Премьер-министром Кубатбеком Бороновым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери аркылуу зарыл болгон дарыларды алып келүү сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, онлайн кеңешмеде өкмөт башчы коронавирус менен күрөшүүдө эки негизги көйгөйдү атады. Алар — дары-дармек боюнча кырдаал жана медициналык адистердин жетишсиздиги.

Боронов эл көп колдонгон бир катар дары-дармектин жана медициналык каражаттардын партиясы өлкөгө келгенин айтып, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери аркылуу зарыл болгон дарыларды алып келүү боюнча маселе сүйлөшүлүп жатканын кошумчалаган.

Боронов "Гансиге" барып, медиктер менен бейтаптардан кабар алды. Сүрөт

Ал эми президент айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңсыктыгы эл ичинде нааразычылык жаратып жатканын айткан. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков
Президент өткөргөн онлайн кеңешмеде Боронов эки көйгөйдү атады - Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков
"Биз элди дары-дармек менен камсыздашыбыз шарт. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштешип, элге керектүү дары-дармектерди алып келиш керек", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков медиктердин, анын ичинде ооруп калган дарыгерлердин айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрү убагында берилиши керектигин да белгилеген. Ошондой эле компьютердик томографиядан өтүүдө элге жеңилдиктер каралышы керектигин айткан.

Бишкектегидей кырдаал кайталанбашы үчүн аймактарда даярдык кандай? Расмий жооп

Боронов биринчи жарым жылдыкта мындай жабдуудан алтоо алынганын, Бишкекте азыр жалпы 12 компьютердик томография бар экенин билдирген. Азыркы тапта облустарды да ушундай жабдуу менен камсыз кылуу пландалып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0