Гепарин дарысы Ысык-Көл облусунун дарыканаларына түштү. Даректер

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыкана иш убагында. Архив
Дарыкана иш убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган дары Көлдөгү "Неман" дарыкана түйүндөрүндө сатылууда. Бир адамга бирден гана таңгак врачтын көрсөтмөсү менен берилет.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна 4 миң 250 ампула гепарин дарысы алып келингенин Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган дары "Неман" дарыкана түйүндөрүндө сатылууда. Бир адамга бирден таңгак дары врачтын көрсөтмөсү менен берилет.

Дары-дармек кампасынын алдындагы түнкү кезек. Бишкекте тартылган видео

Дарыканалардын дареги:

  • Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 123, №19 дарыкана пункту;
  • Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 45, №831 дарыкана пункту;
  • Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 142, №79 дарыкана пункту;
  • Балыкчы шаары, №29 дарыкана пункту;
  • Бөкөмбаев айылы, №40 дарыкана пункту;
  • Түп айылы, №45 дарыкана пункту;
  • Кызыл-Суу айылы, №75 дарыкана пункту;
  • Теплоключенко айылы, №58 дарыкана пункту;
  • Талды-Суу айылы, №33 дарыкана пункту.

Учурда республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 11 117ге жетти. Анын 3 134ү айыгып чыгып, тилекке каршы, 147си көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0