Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди

© AFP / FREDERICK FLORINКиши жер титирөөнүн графигин көргөзүп жатат. Архив
Киши жер титирөөнүн графигин көргөзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Ал айрым жактарда 4,5 баллдан 2,5 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кечээ жана бүгүн таңда өлкөнүн үч облусунда жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 12-июль күнү, саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов жана Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен

Ошол эле күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми бүгүн түнү саат 01:05те Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болуп, Лейлек районунун Алга, Жеңиш жана Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Бардык жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0