Коронавирус: бир суткада 125 ак халатчан оору жуктуруп, сегизи айыгып чыкты

© AFP / EZEQUIEL BECERRAКоргоочу костюмдагы медициналык кызматкер
Коргоочу костюмдагы медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 781 учур катталды.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 125 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Оору жуктурган ак халатчандар өлкөнүн бардык жагында катталган.

  • Бишкек шаарында — 63;
  • Чүй облусунда — 7;
  • Ош шаарында — 16;
  • Ош облусунда — 10;
  • Баткен облусунда — 13;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Талас облусунда — 2;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 5.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде сегиз медкызматкер айыгып чыкканы айтылды.

Кыргызстанда коронавирустан 15 бейтап көз жумду

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 781 учур катталды. Анын ичинен 560 ак халатчан стационарлардан сакайып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0