Ат-Башыда 4,2 баллга жеткен жер титирөө болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПо дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне
По дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Очогу Ат-Башынын батыш тарабында 45 чакырым алыстыкта жайгашып, тереңдиги эки чакырымга жеткендиги кабарланат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Нарын облусунда 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбордон (EMSC) билдиришти.

​Мекеменин маалыматына ылайык, жер 12-июль күнү саат 6.28де силкинген. Анын очогу Ат-Башынын батыш тарабында 45 чакырым алыстыкта экени айтылды. Ал эми тереңдиги эки чакырымга жетет.

Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен

Жабыркагандар жана жапа чеккендер боюнча расмий маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0