Жаңы 127 учур катталды. COVID жугузган миңден ашуун медик ооруканада жатат

© REUTERS / Vladimir PirogovРабота дневных стационаров в Бишкеке
Работа дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча 1 656 медицина кызматкеринин COVID-19 оорусуна кабылганы катталган. Анын 552си сакайып чыкты.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде 127 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталган.

  • Бишкек шаарында - 51;
  • Чүй облусунда - 44;
  • Ош шаарында - 12;
  • Ош облусунда - 4;
  • Баткен облусунда - 7;
  • Ысык-Көл облусунда - 5;
  • Талас облусунда - 3;
  • Жалал-Абад облусунда - 1.

10 000ден ашты! Дагы 719 адам коронавирус жуктуруп алды

Ал эми бир күндө 6 медкызматкер айыгып ооруканадан чыгарылган.

Жалпысынан өлкө боюнча 1 656 медицина кызматкери COVID-19 оорусуна кабылганы катталган. Анын 552си сакайып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0