Оор абалда келгендердин бирин да артка кетирбегиле! Бороновдун талаптары

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы аймактар эпидемиологиялык кырдаалга даяр турушу үчүн бардык тараптан шарт түзүлүшү керектигин баса белгилеген.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга шаарда, аймактарда дары-дармектин запасын даярдап, ооруканаларда реанимациялык блокторду көбөйтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өкмөт башчы аймактар эпидемиологиялык кырдаалга даяр турушу үчүн бардык тараптан шарт түзүлүш керектигин белгилеген.

"Учурда өлкөдө дары-дармектердин таңсыктыгы байкалууда. Бул иш боюнча буга чейин тапшырма берилген, аны аткарууну күчөтүш керек. Аймактарда дагы дары-дармектердин запасы даяр турсун. Медициналык каражаттардын баасынын негизсиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү шарт. Ооруканаларда реанимациялык блоктор даярдалсын", — деди Боронов.

Жыйында премьер-министр оор абалдагы бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Өкмөт: коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400 орун даярдалат

"Күндүзгү стационарлар, медициналык мекемелердин бардыгы бейтаптарды кабыл алып, жардам берилсин. Оор абалда келген бейтаптардын бири да артка кайтарылбай, жардам берилүүгө тийиш. Ошондуктан ооруканалардын өз ара аракеттешүүсү тез арада жолго салынсын", — деди Боронов.

Өкмөт башчы башка мамлекеттерден алып келинип жаткан дары-дармек менен медициналык аппараттарды бажылык тариздөө иштерин тездетүүнү да тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0